Бишкекте медицина кызматкерлери сыйланды. Фамилиялары

29.06.2023 | 15:22

Бүгүн, 29-июнда Бишкек шаарындагы  Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында медицина кызматкерлеринин күнүн белгилөөгө арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мэр Эмилбек Абдыкадыров дарыгерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, муниципалитеттин  сыйлыктарын  тапшырды.

[image_carousel source=”media: 192701,192702,192703,192704,192705,192706,192707,192708,192709,192710,192711,192712,192713″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата юбилейлик медалдар менен:

– Кудаяров Дүйшө  Кудаярович – Илимдер академиясынын академиги, мүчө-корреспондент;

– Раимжанов Абдухалим Раимжанович – Илимдер академиясынын академиги, мүчө-корреспондент;

– Касиев Накен Касиевич – экс-статс-катчы, экс-саламаттыкты сактоо министри;

– Сунчалова Галина Дмитриевна — №1 шаардык клиникалык оорукананын медайымы;

– Мусаев Акылбек Инаятович – №1 шаардык клиникалык оорукананын башкы дарыгери;

– Асакеева Рыскул Султановна – №2 төрөт үйүнүн башкы дарыгеринин орун басары;

– Нурбаева Чолпон Абдуманаповна – шаардык кургак учукка каршы диспансеринин директорунун орун басары;

– Сумбаева Елена Геннадьевна – №6 ҮМБнын рентгенологу;

Саламаттыкты сактоо уюмдарынын арасындагы сынактын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөргө акчалай сертификаттар ыйгарылды:

– Шаардык перинаталдык борборго 1-орунга (200 000 сомго сертификат);

– 1-орун шаардык студенттик дарылоо-профилактикалык поликлиникасы (сертификат 200 000 сом);

– 1-орун №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (200 000 сомго сертификат);

– 2-орун №2 клиникалык төрөт үйү (150 000 сомго күбөлүк);

– 2-орун №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (150 000 сомго сертификат);

– №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (100 000 сомго сертификат).

Бишкек шаарынын мэриясынын алтын төш белгиси менен:

– Аалиев Гүлжигит Кенжекараевич – Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери;

– Мамыров Жолдошбек Тобокелович – №2 Бишкек шаардык клиникалык көп тармактуу ооруканасынын неврология бөлүмүнүн башчысы.

Бишкек шаарынын мэриясынын күмүш төш белгиси менен:

– Успанова Нурбанур Ахметовна – Бишкек шаарындагы №2 клиникалык төрөт үйүнүн эне жана бала бөлүмүнүн башчысы;

– Керимакунова Жумагүл Деркембаевна – №5 Бишкек шаардык стоматологиялык ооруканасынын стоматологу;

– Абдыкадырова Гүлкайыр Бейшембаевна – Бишкек шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медайымы.

Бишкек шаарынын мэриясынын кол сааттары төмөндөгүлөргө берилди:

– Эшенова Кымбат Мамытовна – Бишкек шаарындагы №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун медайымдык иши боюнча орун басары;

– Мамытова Мария – №3 Бишкек шаардык стоматологиялык ооруканасынын башкы медайымы.

Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен:

– Пономаренко Светлана Юрьевна – Бишкек шаарындагы №2 УМБнын консультациялык бөлүмүнүн офтальмологу;

– Адылбекова Гүлайша Жолчубековна – №6 ҮМБнын лаборанты;

– Арунов Жумакерим Сульфидинович – №2 клиникалык төрөт үйүнүн реанимация бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматологу;

– Мамбеталиев Эмилбек Кенжебекович – Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын тез жардам кызматынын айдоочусу;

– Дунай Вячеслав Александрович – Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дезинфекциялоо бөлүмүнүн дезинструктору;

– Асеков Турдубек Урумович – Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук хирургия борборунун хирургу.

Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык каты менен:

– Матаева Эльмира Макратбековна – “№5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун консультациялык бөлүмүнүн дерматовенеролог врачы;

– Куприянова Елена Валерьевна – Энеликти жана баланы коргоо улуттук борборунун кардио-ревматологу;

– Турдалиев Сапарбек Имантурович – проктолог дарыгери, доцент.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Scroll to Top