Бишкекте медицина кызматкерлери сыйланды. Фамилиялары

Бишкекте медицина кызматкерлери сыйланды. Фамилиялары

Бүгүн, 29-июнда Бишкек шаарындагы  Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында медицина кызматкерлеринин күнүн белгилөөгө арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мэр Эмилбек Абдыкадыров дарыгерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, муниципалитеттин  сыйлыктарын  тапшырды.

Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата юбилейлик медалдар менен:

— Кудаяров Дүйшө  Кудаярович — Илимдер академиясынын академиги, мүчө-корреспондент;

— Раимжанов Абдухалим Раимжанович — Илимдер академиясынын академиги, мүчө-корреспондент;

— Касиев Накен Касиевич — экс-статс-катчы, экс-саламаттыкты сактоо министри;

— Сунчалова Галина Дмитриевна — №1 шаардык клиникалык оорукананын медайымы;

— Мусаев Акылбек Инаятович — №1 шаардык клиникалык оорукананын башкы дарыгери;

— Асакеева Рыскул Султановна — №2 төрөт үйүнүн башкы дарыгеринин орун басары;

— Нурбаева Чолпон Абдуманаповна — шаардык кургак учукка каршы диспансеринин директорунун орун басары;

— Сумбаева Елена Геннадьевна — №6 ҮМБнын рентгенологу;

Саламаттыкты сактоо уюмдарынын арасындагы сынактын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөргө акчалай сертификаттар ыйгарылды:

— Шаардык перинаталдык борборго 1-орунга (200 000 сомго сертификат);

— 1-орун шаардык студенттик дарылоо-профилактикалык поликлиникасы (сертификат 200 000 сом);

— 1-орун №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (200 000 сомго сертификат);

— 2-орун №2 клиникалык төрөт үйү (150 000 сомго күбөлүк);

— 2-орун №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (150 000 сомго сертификат);

— №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (100 000 сомго сертификат).

Бишкек шаарынын мэриясынын алтын төш белгиси менен:

— Аалиев Гүлжигит Кенжекараевич — Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери;

— Мамыров Жолдошбек Тобокелович — №2 Бишкек шаардык клиникалык көп тармактуу ооруканасынын неврология бөлүмүнүн башчысы.

Бишкек шаарынын мэриясынын күмүш төш белгиси менен:

— Успанова Нурбанур Ахметовна — Бишкек шаарындагы №2 клиникалык төрөт үйүнүн эне жана бала бөлүмүнүн башчысы;

— Керимакунова Жумагүл Деркембаевна — №5 Бишкек шаардык стоматологиялык ооруканасынын стоматологу;

— Абдыкадырова Гүлкайыр Бейшембаевна — Бишкек шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медайымы.

Бишкек шаарынын мэриясынын кол сааттары төмөндөгүлөргө берилди:

— Эшенова Кымбат Мамытовна — Бишкек шаарындагы №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун медайымдык иши боюнча орун басары;

— Мамытова Мария — №3 Бишкек шаардык стоматологиялык ооруканасынын башкы медайымы.

Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен:

— Пономаренко Светлана Юрьевна — Бишкек шаарындагы №2 УМБнын консультациялык бөлүмүнүн офтальмологу;

— Адылбекова Гүлайша Жолчубековна – №6 ҮМБнын лаборанты;

— Арунов Жумакерим Сульфидинович — №2 клиникалык төрөт үйүнүн реанимация бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматологу;

— Мамбеталиев Эмилбек Кенжебекович — Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын тез жардам кызматынын айдоочусу;

— Дунай Вячеслав Александрович — Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дезинфекциялоо бөлүмүнүн дезинструктору;

— Асеков Турдубек Урумович — Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук хирургия борборунун хирургу.

Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык каты менен:

— Матаева Эльмира Макратбековна — «№5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун консультациялык бөлүмүнүн дерматовенеролог врачы;

— Куприянова Елена Валерьевна — Энеликти жана баланы коргоо улуттук борборунун кардио-ревматологу;

— Турдалиев Сапарбек Имантурович – проктолог дарыгери, доцент.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>