ИИМ башчысынын орун басары МАИчилердин ишин текшерди (сүрөт)

ИИМ башчысынын орун басары МАИчилердин ишин текшерди (сүрөт)

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Чүй жана Ысык-Көл облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин даярдыгын текшерди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Текшерүү туристтик сезон маалында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иштерин көзөмөлдөө максатында жүргүзүлгөн.

«Текшерүү учурунда Октябрь Урмамбетов ЖКККББнын бөлүмдөрүнүн өздүк курамына туристтик сезондо жол кыймылынын коопсуздугун сактоо жана жол кырсыктарынын санын азайтуу, алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле кызматкерлердин кызмат өтөө  даярдыгына, алардын кызматтык документтеринин, күбөлүктөрүнүн жана төш белгилеринин, сырткы көрүнүшүнө, райондун жана облустун аймагындагы ыкчам абалды билүүсүнө көңүл бурулду», — деп билдирет ИИМ.

ИИМден белгилешкендей, текшерүү учурунда Бишкек — Балыкчы — Чолпон-Ата жолунда ылдамдыкты ашырып айдоочулар аныкталып, ИИМдин башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов жеке өзү жол кыймылынын эрежелерин бузууга жол бербөө багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

«Октябрь Урмамбетов жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчилерине жол кыймылынын коопсуздугун сактоо жана жайкы туристтик сезон учурунда жол кырсыктарын азайтуу боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле кызматкерлерге күн сайын жол кыймылынын катышуучулары арасында жол эрежесин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана жол эрежелерин одоно бузгандарга, анын ичинде мас абалында транспорт каражаттарын башкаргандарга карата катуу чараларды көрүү милдетин койду», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ЖКККББ ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>