Трамп көпүрөлөрдү талкалайм деп коркутуп, Ирандан тезинен келишим түзүүнү талап кылдыКыргызстан малды шарп оорусунан коргоо үчүн Россиядан 4,5 миллион доза вакцина сатып алатБишкекте мечиттен телефон уурдоого шектелген жаран кармалдыБишкекте милиция кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалдыМарлен Маматалиев парламенттин төрагасынын алдындагы Бизнести өнүктүрүү боюнча кеңештин ишин жандандырдыБишкекте айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамендер 6-апрелден тарта жаңы даректе өткөрүлө баштайт
Бишкекте мекендешин алдап кеткен пакистандык кармалды
24.08.2023 | 09:25
Бишкекте мекендешин алдап кеткен Пакистандын жараны кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 8-августта милицияга Пакистандын жараны кайрылган. Ал арызында билдиргендей, А. аттуу мекендеши иш визасын алып берүүнү убадалап, Кыргызстанга чакырып, Бишкектен 4 миң доллар алып, алдап кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 33 жаштагы М.А. аттуу Пакистандын жараны кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз