Министрлик: Кыргызстанда тогуз айда энелердин өлүмү 34,4%га азайдыКыргызстандын чакан ГЭСтерине инвестиция тартуунун жолдору Бишкекте талкууландыКомпозитор, обончу Турганбай Молдогазиев 86 жашында дүйнө салдыКРда медициналык буюмдарды каттоо 10 күнгө чейин тездейтӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөтБишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видео
Бишкекте мекендешин алдап кеткен пакистандык кармалды
24.08.2023 | 09:25
Бишкекте мекендешин алдап кеткен Пакистандын жараны кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 8-августта милицияга Пакистандын жараны кайрылган. Ал арызында билдиргендей, А. аттуу мекендеши иш визасын алып берүүнү убадалап, Кыргызстанга чакырып, Бишкектен 4 миң доллар алып, алдап кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 33 жаштагы М.А. аттуу Пакистандын жараны кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз