Бишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды

Бүгүн, 3-мартта, Бишкек шаарында мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борбордун курулушу башталды. Курулушка мезгил кутусун салуу аземине мэр Айбек Жунушалиев жана маданият министри Мирбек Мамбеталиев катышты.
Жаңы маданий борбор үч кабаттан турат. Имараттын жалпы аянты 2 490 чарчы метрди, ал эми жер тилкеси 0,4 гектарды түзөт. Долбоордо төмөнкүлөр каралган:
- 420 орундуу кинотеатр;
- 330 орундуу көргөзмө залы;
- музыкалык жана театрдык класстар;
- фуд-корт зоналары;
- 92 унаага ылайыкталган жер алдындагы токтотуучу жай.
Бишкек шаарынын мэри бул аймакка турак жай курулбай турганын жана объект сентябрь айында пайдаланууга берилерин билдирди. Курулуш иштери Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан каржыланууда.

«Чатыр-Көл» кинотеатры 1967-жылы ачылган. 2010-жылы имарат улутташтырылып, «Учур» мамлекеттик жаштар театрына өткөрүлүп берилген. 2025-жылдын 5-ноябрында имаратта өрт кырсыгы катталып, объект жабыркаган. Окуядан кийин муниципалитет анын ордуна жаңы маданий борбор куруу чечимин кабыл алган.