Июль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайыБШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалууда
Бишкекте «Наристе» аттуу V эл аралык балдар фольклордук фестивалы башталат
30.05.2025 | 14:14
31-май күнү Бишкек шаарында “Наристе” аттуу V эл аралык балдар фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Фестивалга Венгриядан, Кытайдан, Монголиядан, Болгариядан, Индиядан, Казакстандан, Түркиядан жана Орусиядан келген чыгармачыл топтор катышат. Ошондой эле фестивалга Кыргызстандын жети облусунан эл аралык жана Бишкек Дельфий оюндарынын жеңүүчүлөрү катышат.
Фестивалдын программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- фольклордук бий жана аспаптык ансамблдердин концерттери,
- мастер-класстар,
- эл аралык конференциялар,
- эл чыгармачылыгынын көргөзмөлөрү,
- маданий долбоорлордун презентациялары,
- Бишкек шаарынын тарыхый жана маданий жайларына экскурсиялар.
Ал эми 1-июнь күн саат 19:00дө «Ала-Тоо» аянтында фестивалдын катышуучулары жана борбор калаанын чыгармачыл топторунун майрамдык концерти өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом