Бишкекте референдумга каршы болгондор кайрадан жүрүшкө чыкты

Бишкекте референдумга каршы болгондор кайрадан жүрүшкө чыкты

Баш мыйзамды өзгөрүүгө каршы болгон бир нече адам жана активисттер Бишкек шаарында кайрадан жөө жүрүшкө чыгышты.

Алар Лев Толстой көчөсүндөгү темир жол бекетинен баштап, Эркиндик бульвары аркылуу борбордук аянтка жөө жүрүш менен келишип, бийликке бир катар талаптарын айтышты.

Жүрүшкө чыккандар негизинен Конституциянын өзгөрүшүнө жана авторитаризмдин орношуна каршы экендиктерин айтып, мыйзамдуулуктун жана адам укуктарынын сакталышы баарынан жогору экенин эскерттип жатышты. Алар ушундай эле маанидеги сөздөр жазылган плакаттарды колдоруна кармап алышкан.

Жүрүшкө чыккандардын арасында президенттикке талапкер Клара Сооронкулова, саясатчы Бектур Асанов, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров дагы жүрдү.

Белгилей кетсек, ушундай эле жөө жүрүштөр буга чейин бир нече жолу болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>