Чоң-Кеминдеги талаадан уча албай калган ак куу табылдыКыргызстанда «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемеси түзүлдүКыргызстанда ветеринардык дары-дармектерди каттоодо кагаз документтердин ордуна QR-коду бар электрондук сертификаттар бериле баштайт«Баткен таңы» редакциясынын имараты мамлекетке кайтарылды17-февралга карата аба ырайыКазакстандын жаңы Конституциясынын долбоору: салттардын уландысы жана келечектин стратегиясы
Бишкекте ротордук парковка ишке берилди
02.04.2025 | 10:42
Бишкек шаарындагы “Орто-Сай” базарынын аймагында ротордук унаа токтотуучу жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, аталган унаа жай 10 унаага ылайыкталган.
Унаа токтотуунун баасы биринчи саатына 25 сом, андан кийинки ар бир саатына өзүнчө 25 сомдон алынат. Төлөм QR-код аркылуу жүргүзүлөт. Андан кийин айдоочу операторго чекти көрсөтүп, унаасын токтотуучу жайдан чыгарып алат.
Мэрия бул долбоор ийгиликтүү ишке ашса, мындай унаа токтотуучу жайларды борбордун башка жерлерине да орнотууга болорун билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом