Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Бишкекте сот инвестордун мүлкүн мыйзамсыз тартып алууга көмөктөшкөн
16.02.2024 | 17:28
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы чет элдик инвестордун мүлкүн тартып алууга көмөктөшкөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, “К.С.” компаниясынын жетекчиси чет элдик инвесторлор ээлик кырган көп кабаттуу имараттагы бөлмөлөрду 25 жаранга сатып жиберген. Кийин Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы бөлмөлөр алдамчылык жол менен сатылганын билип туруп, мыйзамсыз чечим чыгарган.
Бирок аталган чечим жогорку сот органдары тарабынан мыйзамсыз жана негизсиз деп табылып, жокко чыгарылган.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 352-беренеси (сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү УКМКсына тапшырылган.