Ноокатта аялдарга чайканага барууга тыюу салындыбы? Жергиликтүү бийликтин жообу

Ноокатта аялдарга чайканага барууга тыюу салындыбы? Жергиликтүү бийликтин жообу

Ноокат районунун Көк-Жар жана Төлөс айыл аймактарында аялдарга чайканага барууга тыюу салынгандыгы боюнча маалымат социалдык тармакта таркады. Анда мындан ары коомдук тамактануучу жайларда шеринеге чогулгандарга 500 сом, аны өткөргөндөргө 1500 сом айып салынары айтылат. Маалыматта мечиттерде имамдар эркектерге аялдарын чайканага жөнөтпөө кеңешин берип жатканы белгиленет.

Маалыматты райондун акими Жакыпбек Субакожоев четке какты. Анын Reporter.kg’ге билдирүүсүндө, эч бир айылда аялдардын жүрүм-турумуна карата чектөөлөр кабыл алынган эмес.

Төлөс айылынын аялдар кеңешинин жетекчиси Тажикан Жапарованын айтымында, чайканага-кафеге көп барбоо боюнча чакыруулар бар.

«Азыр баардык мааракелерди эле чайканада, кафеде өткөрүп калдык. Анын эмнеси жакшы? Төлөстө тыюу салуу жок, бирок ысырапкорчулукка күрөштүн алкагында көптөн бери эле мындай сөздөр айтылып келет», — дейт ал.

Көк-Жар айыл аймагынын аялдар кеңешинин төрайымы Санавар Абдазова дагы эч бир чектөө жоктугун айтат.

«Маалыматты биз дагы уктук, бирок ал жалган. Ким антип айтканын азыр тактай албай жатабыз. Эч кандай тыюу жана айып салуу жок», — дейт ал.

Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар Жапаров мечиттерде айтыла турган темалар муфтият тарабынан бекитилерин кабарлады.

«Мечиттерде акыркы айда ишеним жана зордук-зомбулук боюнча сөз козгоо тапшырмасы берилген. Андай сөз болбошу керек», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>