Бишкекте тамеки тартууну таштоо боюнча мектептер пайда болду

Бишкекте тамеки тартууну таштоо боюнча мектептер пайда болду

Бишкекте тамеки тартууну токтотуу боюнча мектептер пайда болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Борбор калаанын эки районунда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун базасында мектептер ачылган.

«Мектептердин иши никотинге көз карандылыкты жеңүүгө жана тамеки чегүү менен байланышкан оорулардын санын кыскартууга багытталган. Ошондой эле тамеки чегүүнү таштагысы келген бейтаптарга кеңеш жана профилактикалык жардам көрсөтөт. Алар бекер квалификациялуу жардам алып, көз карандылыктан биротоло арыла алышат», — деп белгилешти мэриядан.

Адистерден кеңеш:

Биринчи май районунда психиатр-наркологдор шейшемби жана жума күндөрү саат 13.00дөн 14.00гө чейин №3 ҮМБда (No100 кабинет), Логвиненко көчөсү, 30/1, 0312325232 жана No7 ҮМБда (No7 кабинетте), Тоголок Молдо көчөсү, 3/1, 0312662044 кабыл алууда.

Свердлов району боюнча психиатр-наркологдор шейшемби жана жума күндөрү саат 14.00дөн 15.00гө чейин №5 ҮМБга (офис №408), Көлбаев көчөсү, 42, 0312635123; №5 ҮМБ (мурдагы №9 ҮМБ, №109 кабинет), Курманжан Датка көчөсү, 109а, 0312368830; №10 ҮМБ (мурдагы №14 ҮМБ, №32 кабинет), Свободная көчөсү, 9, 0312678274.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>