«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Министр Иманов калкты тейлөө борборуна күтүүсүздөн кирип барды
13.04.2022 | 14:29
Бүгүн, 13-апрелде Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов пландан тышкаркы текшерүү менен Бишкектин Жибек Жолу 381 дарегиндеги Калкты тейлөө борборуна барды. Бул туурасында аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, калктын көйгөйлөрү жана ал жактын кызматкерлеринин иши менен таанышты. Балдарды мектепке жана бала бакчага каттоого байланыштуу кайрылгандардын агымы көп экени байкалган. Талантбек Иманов кызматкерлерине жарандардын кайрылууларын тезирээк карап чыгууну жана кезек күтүүнү мүмкүн болушунча азайтууну тапшырды. Ал жетекчиге келгендер менен дайыма байланышта болуп, жалпы бөлмөдө болууну буйруду.
Ал эми социалдык тармакка тараган видеого караганда, министр элдерге өзү түшүндүрүп жүрөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат