Баткендеги кырдаал: Облус жетекчиси сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат таратты

Баткендеги кырдаал: Облус жетекчиси сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат таратты

Бүгүн 13-апрель күнү саат 11:00дө жолугушуунун экинчи бөлүгү президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин абалды жөнгө салуу жана чагымчылдыкка жол бербөө боюнча Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен жолугушту. Бул туурасында Баткен облустук жетекчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, эки тараптуу сүйлөшүү кечээ, түндөгү сүйлөшүүдө кабыл алынган чечимдерди аткаруу боюнча болгон. Анда кечээки жаңжалдын келип чыгуу себептерин таап, аскер техникаларын, күч түзүмдөрүн алып чыгуу боюнча чечим кабыл алынган.

Ушул тапта облус жетекчиси тажик тарап аскер техникалары менен күч түзүмдөрүн чыгарып кеткенин кабарлады. Ошондой эле жаңждалдын келип чыгуу себептери иликтене баштаганын кошумчалады.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>