Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайы
Бишкекте тез жардам ооруканасына кошумча имарат куруу пландалууда
21.02.2024 | 23:18
20-февралда Катардагы Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катар өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Халиф бин Жассим Аль-Кувари менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Катар өнүктүрүү фонду ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелерине токтолушту.
Тактап айтканда, Бишкек шаарында клиникалык тез жардам ооруканасынын кошумча имаратынын курулушу (жалпы суммасы 9,3 миллион АКШ доллар түзөт) боюнча долбоор деталдуу түрдө талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында ортодо талкууланган маселелер боюнча мындан ары тыгыз координациялоону улантуу боюнча макулдашуу жетишилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар