Саатына дээрлик 1,2 миң сом төлөнөт. Бүгүн Улуу Британиядагы жумушка каттоо башталат

Саатына дээрлик 1,2 миң сом төлөнөт. Бүгүн Улуу Британиядагы жумушка каттоо башталат

Улуу Британиядагы сезондук жумуштарга иштөөнү каалаган жарандар үчүн бүгүн каттоо башталат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Министрликтин Жарандарды чет жерде жумушка орноштуруу борборунун маалыматы боюнча, 22-февралда саат 14:00до баштала турган каттоо www.migrant.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт. Түшкөн арыздардын саны белгиленген чекке жеткенден кийин каттоо токтотулат.

Аталган борбор билдиргендей, тандоону Улуу Британиянын өкмөтү ыйгарым укук берген Pro Force оператору жүргүзөт. Жумушка орношууну каалаган жарандардын жашы 18ден 45ке чейин болуп, орус тилин билип, психологиялык жактан жана дени сак болушу керек. Каттоо үчүн жарандын чет элдик паспорту жана электрондук почта зарыл.

Буга чейин башка операторлор аркылуу тандоодон ийгиликтүү өткөн жарандар кайра каттоого арыз калтырбашы керек. Болбосо алардын мурдагы жыйынтыктары жокко чыгарылат.

Катталган жарандар менен маектешүү 26 жана 27-февралда өткөрүлөт.

Ишке алынган жарандарга саатына 10,42 фунт стерлинг (1 миң 171 сом) төлөнөт. Жумушчу канча саат иштей турганы аба ырайына, түшүмдүн аз-көптүгүнө ж.б. факторлорго жараша болот. Бирок жумуш берген тарап жумасына кеминде 32 сааттык иш берет.

Виза үчүн 298 фунт стерлинг (33 миң 513 сом) керектелет. Учак билетинин баасы акчанын курсуна жана качан сатып алынганына жараша болот.

Сезондук жумуш программасы боюнча Улуу Британияга жумушка орношууга көмөк көрсөтүү үчүн акы алынбайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>