Садыр Жапаров Татарстандын «Дуслык» ордени менен сыйланды

Садыр Жапаров Татарстандын «Дуслык» ордени менен сыйланды

Президент Садыр Жапаров Россияга болгон (Казань ш.) иш сапарынын алкагында «Дуслык» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Татарстандын башчысы Рустам Минниханов Садыр Жапаровго Татарстандын эл аралык аброюн, Россиянын башка субъекттеринин ортосундагы достук жана кызматташтыкты чыңдоодогу өзгөчө эмгеги үчүн, Татарстандын гүлдөп-өсүшүн өбөлгөлөгөн экономикалык, соода, илимий-техникалык, социалдык, маданий байланыштарды жана өндүрүш дараметин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, натыйжалуу инвестициялык, кайрымдуулук жана коомдук ишмердүүлүгү үчүн «Дуслык» орденин ыйгарды.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Рустам Миннихановго ыраазычылык билдирип, «Дуслык» орденин Кыргызстанга болгон жогорку урматтын белгиси катары баалай турганын белгиледи.

 «Бул жогорку сыйлык Кыргызстан, Татарстан жана Россиянын ортосундагы бузулбас достуктун дагы бир символу болуп калсын», — деди Садыр Жапаров.

«Дуслык» ордени – Татарстандын экинчи маанилүү мамлекеттик сыйлыгы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>