24-февралга карата аба ырайыБишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылды
УКМКга жаңы бала бакча курулду. Аны ким каржылаганы айтылды
30.01.2024 | 14:10
Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлеринин балдары үчүн “Алтын балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, анын курулушу президенттин резервдик фондунан каржыланды.
220 орундуу имарат эки кабаттан турат. Ичинде бардык тийиштүү шарттар каралып, керектүү эмеректер менен жабдылган. “Алтын балалыкта” 2,5 жаштан жогорку мектепке чейинки жаш курактагы балдар тарбияланышат.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги №58 “Жылдыз” бала бакчасы УКМКга караштуу экени кабарланган.
Өткөн жылдан бери коопсуздук комитети баардык аймактардагы өзүнүн имараттарын жаңылоодо.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом