Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Сатып алган «Хундай Портердин» акчасын төлөбөй качып кеткен жаран кармалды
30.01.2024 | 13:47
Ошто «Хундай Портер» унаасын сатып алып, качып кеткен кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Окуя 2023-жылдын август айында болгон. Шектүү базарда унааны 1 миллион 700 миң сомго сатып алууга макул болуп, бирок кардар ээсине 20 миң сом берип, транспортту айдап кетип калган.
Алдамчылык айыбы менен иш козголуп, Баткен облусунун тургуну кармалды.
Шектүү буга чейин ден соолукка оор залал келтирүү, бейбаштык жана алдамчылык боюнча бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом