Ошто зордуктоого аракет кылууга шектелген жаран кармалды (видео)

Ошто зордуктоого аракет кылууга шектелген жаран кармалды (видео)

Ош шаарында бычак менен коркутуп, зордуктоого аракет жасаган 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, шектүү катары И.Ш. уулу аттуу жаран кармалган. Ал 27-январда таң эрте саат 05:55те шаардагы караоке клубда башка жарандардын жок экендигинен пайдаланып, жалгыз отурган администратор кызды бычак менен коркутуп, зордуктоого аракет жасаган.

«Тергөө учурунда аталган жаран ошол эле түнү шаардагы бильярд клубунун эшигин бузуп кирип, кассадан 22 миң сом уурдап кеткени аныкталган. Андан соң уурдаган акчасына курсагын тойгузуп, алкоголдук ичимдиктерди ичип, түнкү караоке клубуна кылмыш жасоо үчүн барган», — деп билдиришти милициядан.

Шектүүнүн баш коргоо чарасы 29-январда каралып, ал тергөө аяктаганча 2 айга камакка алынган.

Учурда уурулук жана зордуктоого аракет кылуу беренелери боюнча тергөө иштери уланууда.

Милиция иш берген адамдарга кайрылып, кол алдындагы кызматкерлердин коопсуздугу жана акчаларынын бекем сакталышы үчүн коопсуздук чараларын көрүүгө чакырат.

«Түнкүсүн  кызматкерлериңиздерди жалгыз калтырбаңыздар, эшик-терезелер ишенимдүү болуп, 24 саат боюу видео көзөмөл болуусу  керек», — деп айтылат маалыматта.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>