УКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасадыАнтимонополдук кызмат: Кыргызстанда КММ бааларынын кескин көтөрүлүшү күтүлбөйтКыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташтыКыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Кытайдагы Азия чемпионатына катышат
Бишкекте унаа уурдаган адам Ошто кармалды
13.08.2022 | 19:17
Бишкекте унаа уурдоого шектүү адам Ош облусунда кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой 12-августта Бишкек шаарынын 62 жаштагы А.А. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар “Хонда Фит” унаасын уурдап кеткенин билдирген.
Бул окуя боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Кара Суу районунун Нариман айыл аймагында төрөлгөн 25 жаштагы Э. Ш. уулу уурдалган унаа менен бирге колго түшүрүлгөн.
Кармалган жаран Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясына өткөрүлүп берилген.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар