Түркияда Чыңгыз Айтматовдун урматына арналган эскерүү иш-чаралары өттүКыргыз-гана кызматташтыгы жолго коюлууда: Гананын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келдиЖКнын профильдик комитети кредиттик тарыхты сактоо мөөнөтүн кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алдыОшто далилдерди бурмалоого шектелип, милиция кызматкерлери кармалдыСалык кызматы турак эмес мүлккө салык төлөөнүн мөөнөттөрүн эскерттиТажикстан Россияга айыл чарба экспортун көбөйтүүдө: Кыргызстанга жеткирүүлөр минималдуу бойдон калууда
Бишкекте унаа уурдагандар колго түштү – сүрөт
04.02.2022 | 14:07
Бишкекте унаа уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын жетекчилиги билдирди.
Милицияга Ахунбаев менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинен «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү унаа уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Патрулдук милициянын кызматкерлери эки шектүүнү таап, кармашкан. Алар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автотранспорт каражатын уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.


Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар