Сабырбек Жумабековдун ордуна башка жетекчи келди

Сабырбек Жумабековдун ордуна башка жетекчи келди

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунун жетекчисинин милдетин аткаруучусу Гулия Кожокматованы маалымат жыйынында тааныштырды.

Ошондой эле аталган борбордун башкы дарыгери Данияр Дүйшөнов болгонун да шардана кылды.

«Жумабеков тарапташтарын каякка алып барса, ошол жерге алып барсын. Аны канча киши ээрчиирин көрөм. Канча адам чыкса да ооруканада иш токтобойт. Ал жакта бухгалтер анын келини, дарыканачы дагы тууганы. Кечээ текшерүүгө келген адамдарымды кууп чыгышты», — деди Бейшеналиев.

Ал ошондой эле журналисттерге Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун кайра түзүү боюнча буйрукту окуп берди.

Ал эми Сабырбек Жумабеков болсо министрди кетирүү керектигин айтып чыккан болчу…

Сабырбек Жумабеков: Министрди кетирбесек, медицина оңолбойт (ВИДЕО)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>