Бишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюштуАрашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жатат
Бишкекте унаа уурдоого шектүү кармалды
22.04.2024 | 09:59
Бишкекте унаа айдап качууга шектелген кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-апрелге караган түнү шаар тургунунун Volkswagen Golf унаасын белгисиз адам уурдап кеткен. Бул боюнча унаанын ээси милицияга арыз жазган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (унаа каражатын айдап качуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул ишке шектүү катары 30 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалды. Райондук соттун чечими менен ал №1 тергөө абагына камакка алынды.
Учурда иликтөө иштери уланууда.