Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
Бишкекте университеттеги сейфтен 50 миң доллар уурдалган
14.03.2025 | 15:30
Бишкекте уурулукка шектелип 4 киши кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 29-январда Бишкектеги Анкара көчөсүндөгү университетке белгисиз адамдар келип, акча салынган сейфти бузуп, 50 миң доллар уурдап кетишкен.
Аталган факт боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 32 жаштагы А.Э., 30 жаштагы И.К., 39 жаштагы К.А. жана 44 жаштагы М.Б. кармалган.
Милиция кармалгандардын Ысык-Көлдөгү уурулук фактыларына катыштыгы бар экени аныкталганын, алардын кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0508 01-90-01, 0703 33-32-01, 0312 54-41-16 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.