Кыргызстандын банктарындагы депозиттердин көлөмү 880 млрд сомго жетти — ЕӨБТатарстанда жол кырсыгынан эки кыргызстандык жаран каза болдуМыктыбек Оролбай тарыхый рекорд жаратып, UFCде үчүнчү жеңишине жетишти17-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөтӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүнАдылбек Касымалиев Ысык-Көл облусундагы жол курулуштарынын жүрүшүн текшерди
Бишкекте вебкам-студиясын уюштурууга шектүү кармалды
18.03.2025 | 09:31
Бишкек шаарында 30 жаштагы жаран вебкам-студияларды уюштурууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 11-мартта Бишкек шаардык милициясына интернет сайттарындагы жарнама аркылуу кыздарды жогорку акы төлөнүүчү онлайн-видео маек куруу кызматтарын көрсөтүүгө, башкача айтканда, вебкам-студияларына жумушка чакыруу жүрүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка тартуу) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам тергөөнүн жыйынтыгында, шектүү катары 1995-жылы туулган Т.А. атуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар