Бишкекте үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 33 жаштагы эне бир кыз жана эки уулду жарык дүйнөгө алып келди.
Ымыркайлар кош бойлуулуктун 36-жумасында кесарево жолу менен төрөлүшкөн. Балдар 3 килограмм 10 грамм, 2 килограмм 345 грамм жана 2 килограмм 45 грамм салмак менен төрөлүп, абалы туруктуу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз