Японияга билим алууга жөнөтүлгөн мамлекеттик кызматкерлердин 30%ы ишине кайра кайткан эмес

Японияга билим алууга жөнөтүлгөн мамлекеттик кызматкерлердин 30%ы ишине кайра кайткан эмес

Японияга бекер билим алууга жөнөтүлгөн мамлекеттик кызматкерлердин өлкөгө кайтып келгенден кийин  30 пайызы башка тармакка өтүп кетишкен. Бул тууралуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2006-жылдан бери өкмөттөр аралык келишимге ылайык Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программасы менен 287 аткаминер билим алган.

“Алардын 70 пайызы учурда мамлекеттик кызматта иштеп жатат. Калгандары ар кандай себептерден улам башка тармактарга өтүп кетишкен”, — дейт Кудайберген Базарбаев.

Депутат Нуржигит Кадырбеков Японияда билим алып келгендердин арасында менчикке жана эл аралык уюмдарга ишке кирип кеткендер арбын экенин белгиледи.

Ал программанын катышуучуларын сөзсүз түрдө Кыргызстанга кайтып, мамлекеттик кызматта иштөөсүн улантууга милдеттентирүүнү сунуштады.

“Мен өзүм дагы бул программа менен окуп келгенмин. Кайра келип, иш издеп жүрдүм. Андыктан аларды жумуш орун менен камсыз кылып, сөзсүз түрдө мамлекеттик кызматта иштейм деген келишим түзүп алыш керек”, — дейт эл өкүлү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>