Энеси көчөгө таштап кеткен ымыркайдын атасы абакта экени белгилүү болду

Энеси көчөгө таштап кеткен ымыркайдын атасы абакта экени белгилүү болду

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жаңы төрөлгөн ымыркайын көчөгө таштап кеткени үчүн кармалган жаш эне менен жолукту. Ошондой эле төрөтканага жаткырылган ымыркайдын абалы тууралуу кабар алды. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 19-октябрда түнгө жуук Арча-Бешик конушунда коробканын ичинен желим баштыкка салынган ымыркай табылган. Аны ошол жерде жашаган тургундар таап, милицияга кабар беришкен. Жерине барган милициянын кайгуул кызматкерлери суукта тоңуп калган баланы төрөтканага жеткиришкен.

Төрөтканага барып, ымыркайдан кабар алган Акыйкатчы институттун кызматкерлери билдиришкендей, дарыгерлер балага бронхопневмония деген диагноз койгон. Азыр ал дарыгерлердин көзөмөлүндө кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дарылоо программасына антибиотиктер кошулган.

Ошондой Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 20-21-ноябрда Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына барып, баланын энеси 20 жаштагы Ж.С. менен сүйлөшүп келишкен. Ал ымыркайды кандай жагдайда төрөгөнү тууралуу айтып берген.

Кыздын айтымында, ал баланы үй шартында төрөгөн. Ата-энеси анын кош бойлуу экенин билишкен эмес. Баланын атасы ким экенин билет, ал адам учурда абакта жатат.

“Ал кармоо шарттарына даттанган жок. Камерада эки аял менен бирге кармалып турат. Ж. С.нын айтымында, аялдардын гигиенасына керектүү бардык буюмдар бар. Аны дарыгерлер текшеришкен, зарыл болгон медициналык процедураларды жүргүзүшкөн. Мамлекеттик жактоочу берилген”, — деп билдиришти аталган институттан.

Кармалган кызга Кылмыш кодексинин 37-125-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ымыркайын көчөгө таштап кеткен деп шектелип 20 жаштагы кыз кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>