Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
Бишкекте жаран батирден алтын уурдоого шектелип кармалды
06.03.2025 | 10:29
Бишкек шаарында 22 жаштагы жаран батирден алтын уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин районунун милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-мартта райондук милицияга жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 07:45 чамасында анын Жал кичирайонундагы батирине белгисиз бирөө кирип, 60 миң 250 сомдук алтын буюмдарын уурдап кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында 22 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.
Учурда аталган жарандын дагы башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар