Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Бензинди бөтөлкөлөргө куюп, мыйзамсыз саткандарга каршы рейд жүрүүдө
06.03.2025 | 10:46
Бишкекте күйүүчү майларды мыйзамсыз саткандарга каршы рейддер жүрүп жатат. Жыл башынан бери мыйзамсыз саткан 112 адамга жалпы 336 миң сом айып пул салынган. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бензинди бөтөлкөлөргө куюп саткан жарандар эң көп Биринчи май районунда аныкталган. Аларга жалпы 120 миң сом айып пул салынган. Андан кийин Ленин районунда 105 миң сомго 35 протокол, Свердлов районунда 78 миң сомго 26 протокол жана Октябрь районунда 33 миң сомго 11 протокол түзүлгөн.
Бишкек мэриясы күйүүчү майды белгиленбеген жерлерде сатуу кооптуу экендигин, анткени коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан өрт же жарылуу коркунучу бар экендигин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар