Өкмөттө ЕБдин өкүлү менен Кыргызстандын авиакомпанияларын «кара тизмеден» чыгаруу маселеси талкууландыКыргызстанда Жол кыймылына киргизүү институту иштей баштадыЭттин экспортунан түшкөн пайда фермерлерге эмес, ортомчуларга кетип жатат — Айыл чарба министрлигиБаткенде кытайлык ишкана күн электр станциясын куратӨКМ эскертет: Өлкө аймагында табигый кырсыктардын активдешүүсү күтүлүүдөБишкек менен Ошто «Франкофония жазы – 2026» фестивалы өткөрүлөт
Бишкекте жаш жигит ичине бычак жеп, ооруканага түштү. Шектүү кармалды
27.11.2023 | 15:12
Бишкекте жаш жигиттин ичине бычак сайган шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-ноябрга караган түнү Ден Сяопин көчөсүндө 23 жаштагы жигит ичине бычактан жараат алып, №1 шаардык клиникалык ооруканага тез жардам менен жеткирилген. Бул боюнча милицияга кабарланган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 23 жаштагы Ж.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги текшерилүүдө.
Иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз