Мурдагы ИИМ башчысы Таштемир Айтбаев 80 жылдык мааракесин белгилөөдө

Мурдагы ИИМ башчысы Таштемир Айтбаев 80 жылдык мааракесин белгилөөдө

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Таштемир Айтбаев 80 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Таштемир Айтбаев 1943-жылы 27-ноябрда Кыргыз ССРинин Тянь-Шань (азыркы Нарын) облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында партиялык кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.

Балалыгы жана жаштыгы Нарында өткөн. Нарын шаарындагы атактуу В.Чкалов атындагы мектепти, андан соң 1967-жылы Москвадагы Бауман атындагы абройлуу жогорку техникалык окуу жайын бүтүргөн. 1969-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаардык комсомолунун Свердлов райондук комитетинин экинчи катчысы, андан кийин Фрунзе (азыркы Бишкек) комсомолунун Биринчи Май райондук комитетинин биринчи катчысы болуп шайланган. 1971-1973-жылдары Фрунзе шаардык комитет комсомолунун экинчи катчысы болуп иштеген. 1978-жылдын сентябрь айында Кыргыз ССР Борбордук Комитетинин Лениндик Коммунисттик Жаштар Союзунун биринчи катчысы болуп шайланган.

Таштемир Айтбаев 80-жылдары мамлекеттик коопсуздук органында, 1995-жылдан тартып укук коргоо органдарында, тактап айтканда, ички иштер министринин орун басары, 1999-жылдан улуттук коопсуздук министри, 2000-жылдын 30-декабрынан тартып ички иштер министри болуп иштеген. 2002-жылдын июлунан тартып юстиция министринин орун басары, Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын начальниги болуп дайындалса, 2005-жылдын 30-мартынан 2006-жылдын 10-майына чейин улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы болгон.

«Өлкөнүн көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Таштемир Айтбаев үч жолу Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Мамлекетке сиңирген зор эмгеги үчүн “Ардак белгиси” ордени, “Даңк” медалдары менен сыйланган. Ошондой эле көптөгөн ведомстволук сыйлыктарга жана ардак грамоталарга ээ болгон. Учурда Кыргызстандын мамлекеттик коопсуздук комитети — УКМКнын генералдар жана ардагерлер клубунун алкагында коомдук иштерге активдүү катышууда.

Таштемир Сыдыгалиевичти Ички иштер министрлигинин жана коллегия мүчөлөрүнүн атынан мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Сизге узун өмүр, ден соолук, бакубатчылык жана жан дүйнө тынчтыгын каалайбыз», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>