Бишкекте жашы жете элек тургунду уурдагандар кармалды

04.05.2021 | 11:33

Бишкекте жашы жете элек тургунду уурдоого шектүү адамдар кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-майда болжол менен саат 16:40 чамасында Бишкек ШИИББнин “102” кызматына Бишкек шаарынын Көлбаев көчөсүнөн жаш баланы уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Милиция чакыруу түшкөн жерге барганда, 2004-жылы туулган У.Ж. аттуу адамга болжол менен жашы 20-25 курактага белгисиз балдар күч колдонуп, унаага салып кетишкендиги аныкталган.

Ыкчам издөө иш-чараларын алкагында шектүү катары 30 жаштагы С.И., 24 жаштагы У.К. жана 29 жаштагы А.Н. аттуу адамдар кармалып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бул факты 170-берененин (Киши уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

[image_carousel source=”media: 76021,76022,76023″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Scroll to Top