БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Бишкекте жол кырсыгынан бир адам жаракат алды
12.08.2020 | 09:47
Бишкекте жол кырсыгынан бир адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Горький жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде “Фольксфаген Гольф” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бакты сүзүп алган.
Кырсыктын кесепетинен унаада бара жаткан аял киши жаракат алган. Куткаруучулар жабыркаган жаранды унаадан чыгарышып, “Тез жардам” кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар