Беларус: нааразылык уланууда

Беларус: нааразылык уланууда

Минскте үчүнчү түн катары менен демонстранттар менен тартип сакчылары кагылышууда. Шейшембиде кайрадан кулак тундуруучу гранаталар, көздөн жаш агыуучу газ, резина ок колдонулду. Укук коргоочулар журналисттер сабалып жатканын айтышууда.

Би-Би-Си 11-августта Минскте милиция үч журналистине кол салганын билдирди. Кармалгандардын баарында Беларус Тышкы иштер министрлиги берген аккредитация болгон. Нааразылык өтүп жаткан жерде бригада мүчөлөрү атайын жилеттерди кийип жүрүшкөн жана ар биринде күбөлүк болгон.

Кара униформачан кишилер журналисттерден аккредитация көрсөтүүнү талап кылышкан. Тартип сакчыларынын бири кабарчынын мойнундагы карточканы жулуп, колундагы камерасын тартып алган. Би-Би-Синин эки журналисти карточканы кайтарып берүүнү сурашкан. Ага жооп иретинде милиция кызматкерлери операторду сабашкан. Бирок журналисттерди кармап кетишкен эмес.

Күбөлөрдүн билдиришинче, Минскте өткөн шейшембидеги акция дүйшөмбүдөгүдөн айырмаланып турду. 10-августта үч жерде көптөгөн кишилер чогулган. 11-августта нааразылыкка чыккан жаштар шаарда чакан-чакан топ болуп, милициянын куугунтугунан сактанып жүрүштү.

Минсктеги протесттердин катышуучуларынын бири «Настоящее время» телеканалына интернеттин чектелгендигинен шаардын башка бөлүктөрүндө эмне болуп жатканы тууралуу маалымат жок экенин айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>