Бишкекте жол жасаган компанияга кылмыш иши козголду

Бишкекте жол жасаган компанияга кылмыш иши козголду

Бишкекте жол жасаган компания курулуш иштерин кечиктиргени үчүн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, 2023-жылдын башында «Бишкекасфальтсервис» ишканасы шаардагы 19 жол жана тротуарды оңдой турган компанияны аныктоо үчүн тендер өткөргөн. Аны «Б.Г.» компаниясы утуп, жол менен тротуарларды 145 млн сомго оңдой турган болгон.

Келишим боюнча, бардык курулуш иштери 2024-жылдын март айында бүткөрүлүшү керек болгон. Бирок бүгүнкү күнгө карата 9 гана көчө бүткөрүлгөн.

Компания курулуш иштеринин кечигишин техникасынын жетишсиздиги, мыйзамсыз курулуштарды бузуу, бактарды кыюу жана электр мамыларды жылдыруу зарылдыгы сыяктуу (ж.б.) себептер менен түшүндүргөн. Бирок текшерүү учурунда компания келтирген жүйөлөр тастыкталган эмес.

Ошондой эле «Б.Г.» ЖЧКсы жасаган 9 көчөдө кемчиликтер аныкталган.  Аларга мүчүлүштүктөрдү жоюу керектиги эскертилген.

Компаниянын жетекчилиги кемчиликтерди моюнга алып, бардык иштерди 20-августка чейин бүткөрүү убадасын берген.

УКМК мамлекеттик буйрутма боюнча иштеп жаткан компаниялар жумуштарды сапаттуу жана өз убагында бүткөрүшү керектигин, болбосо мыйзам чегинде жазага тартыларын эскертет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>