Пара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайыЖергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачат
Бишкекте жеңил унаа жол жээгинде турган адамды өлтүрө сүзүп кетти
02.08.2023 | 14:09
Бишкекте жөө жүргүнчүнү жеңил унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 2-август күнү саат 06:30дар чамасында болгон. “Хонда-Фит” унаасынын айдоочусу Анкара көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып, Виноградный көчөсүнүн кесилишинен өтүп, карама-каршы тилкеге чыгып, жол жээкте турган жөө адамды сүзгөн.
“63 жаштагы жөө жүргүнчү кырсык болгон жерде каза болгон. Унаа айып короого токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери жүрүүдө”, – деп билдиришти Милициянын кайгуул кызматынан.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда