Кыргызстандын Суу-мотор спорту федерациясы эл аралык UIM уюмуна мүчө болдуСадыр Жапаров энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу маселесин кароону тапшырдыКРда 200 миң сомго чейин келишимсиз жана ЖИ аркылуу сатып алууга уруксат берилиши мүмкүнЛондондо Кыргызстан өзүнүн туристтик дараметин тааныштыруудаДары өсүмдүктөрүн Кыргызстандын айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү пландалууда«Супара-2деги» өрт: үч адам жабыркады — Саламаттык сактоо министрлиги
Бишкекте жеңил унаа жол жээгинде турган адамды өлтүрө сүзүп кетти
02.08.2023 | 14:09
Бишкекте жөө жүргүнчүнү жеңил унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 2-август күнү саат 06:30дар чамасында болгон. “Хонда-Фит” унаасынын айдоочусу Анкара көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып, Виноградный көчөсүнүн кесилишинен өтүп, карама-каршы тилкеге чыгып, жол жээкте турган жөө адамды сүзгөн.
“63 жаштагы жөө жүргүнчү кырсык болгон жерде каза болгон. Унаа айып короого токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери жүрүүдө”, – деп билдиришти Милициянын кайгуул кызматынан.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда