Милиция кармаган 3 өспүрүм УКМКга камакка алынды

Милиция кармаган 3 өспүрүм УКМКга камакка алынды

Жашыруун улутчул топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Бишкек шаарында жана Чүй облусунда улутчулдардын жашыруун тобу иш жүргүзүп, алар азиат улутундагы адамдарга карата мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялап жаткандыгы тууралуу маалыматтар алынган. Улутчул топтун мүчөлөрү өздөрүнүн видеолорунда фашисттик символдорду колдонушкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттары боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары С.Б.М., Н.Р.В. жана С.Г.Р. аттуу балдар кармалган.

«Тергөө иш-чараларынын алкагында кармалгандардан алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин далилдеген буюмдар алынган», — деп айтылат маалыматта.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

«Учурда жашыруун улутчул топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

УКМК шектүүлөрдүн аракеттеринен жабыр тарткандар болсо, УКМКнын ишеним телефонуна 0312 66 04 75 номери аркылуу кайрылуусун суранат.

Эскерте кетсек, буга чейин милиция соцтармактарга тараган «фашисттер» деген видео боюнча териштирүү иштери башталганын билдирген. 1-августта Бишкек шаардык милициясы соцтармактарга тараган видео боюнча 2008-жылы туулган О.Р., 2006-жылы туулган С.Б., 2006-жылы туулган С.Г. аттуу өспүрүмдөр тергөө кызматына жеткирилгенин билдирген. Өспүрүмдөр мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусунда суракка алынып, профилактикалык сүйлөшүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылган.

«Фашисттер сабап жатат» деген видео боюнча үч өспүрүм аныкталды

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>