Балыкчыга каттаган VIP, «Люкс» вагондордун айнектери талкаланды

Балыкчыга каттаган VIP, «Люкс» вагондордун айнектери талкаланды

«Балыкчы — Бишкек» темир жол каттамындагы поезддин терезелерин белгисиз адамдар сындырып кетишти. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 1-августта саат 21:18де Дмитриевка — Кант станциясынын участогунда №609 поездде болгон. Белгисиз адамдар көчө тараптан вагондордун айнектерине таш ыргытып, сындырышкан.

Натыйжада, VIP, «Люкс» вагондорунун, жөнөкөй вагондун 9-купесинин терезелери сынып, башка вагондун жумушчу тарабындагы тамбурдун терезеси талкаланган. Окуя учурунда поезддин ичинде жүргүнчүлөр бар болгон.

«Бул иш-аракет жүргүнчүлөргө жана туристтерге ыңгайсыздык гана жаратпастан, алардын коопсуздугуна да коркунуч келтирди», — деп билдирет ишкана.

Ишкананын кызматкерлери сынган терезелерди убактылуу скотч менен чаптап, поезд өз жолун уланткан.

«Поезд жолунун боюнда жашаган жергиликтүү тургундардан тартипти жана жоопкерчиликти бекем сактоосун өтүнөбүз. Поезддин жүргүнчүлөрү үчүн кооптуу жагдайларды жаратпоону суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>