Бишкекте жылаңачтанган чет элдик жолдо бараткан унааларга асылган (видео)

Бишкекте жылаңачтанган чет элдик жолдо бараткан унааларга асылган (видео)

Милиция Бишкекте чет элдик жаран колуна бычак кармап алып, унааларга асылган деген маалымат боюнча үн катты.

Биринчи май райондук милициясы Reporter.kg’ге билдиргендей, 1-июнга караган түнү саат 03:00до милициянын «102» кызматына Тоголок Молдо менен Кудрук көчөлөрүнүн кесилишинде европалык түспөлдөгү адам жолдо авариялык кырдаал жаратып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине милиция кызматкерлери барган. Алар көчөдө жүргөн адамды кармап, тез жардам кызматына өткөрүп берген. Андан кийин ал Психикалык ден соолук республикалык борборуна жеткирилген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган жаран 23 жаштагы З.С. аттуу чет өлкөнүн жараны экени жана психикалык оорусу бар экени аныкталган.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга 1-июнда түндө жылаңачтанган чет элдик жаран жолдо бараткан унааларды тосуп чыгып, аларга асылганы, андан буйтап качабыз деген 5 унаа жабыркаганы тууралуу маалымат чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>