Түркия Кыргызстандын выпустил памятную монеталарды “Кароо-кесүү”ЕАЭБдеги өнөр жай өнөктөштүгү: Кыргызстан компьютердик техника өндүрүшүнө кошулдуБишкек абанын булганышы боюнча 32-орунду ээледиДели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылдыЧүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылатКамчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын бузууну тапшырды
Бишкектеги бала бакчаларда балдардын тамактануусун ата-энелер төлөй баштайт
03.07.2025 | 17:17
1-июлдан тарта Бишкек шаарындагы бала бакчаларда балдардын тамактануусун ата-энелер төлөй баштайт. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын жана Министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдары боюнча айрым маселелер жөнүндө” токтомунун негизинде бала бакчаларда балдарды тамактандыруу тартиби бекитилген.
Ага ылайык, Бишкек шаардык кеңеши бир балага бир күндүк тамактанууга 120 сом өлчөмүндө туруктуу төлөмдү белгилеген.
Ошондой эле борбор калаадагы бала бакчалардын жетекчилерине ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилген.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында жалпы 118 муниципалдык бала бакча иштейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом