Бишкектеги инфекциялык оорукана толуп, бейтаптарды кабыл алууну токтотту
Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык оорукана бейтап толуп калгандыктан обсервацияга жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда оорукананын жетекчиси Гүлжигит Алиев билдиргенин “Азаттык” жазды.
Ал: “Азыр биз обсервациялык тартипте гана иштеп баштадык. Бейтаптарды кабыл алуу толугу бойдон токтотулду”, – деди.
Учурда бул ооруканада жалпысынан 400дөн ашуун адам көзөмөлдө жатат. Беш киши коронавирустан абалы начарлап, реанимация бөлүмүндө.
Ооруканадагы 19 медициналык кызматкерге COVID-19 жуккан.
Саламаттык сактоо министрлиги бул мекеме жабылса резерв катары “Кыргыз темир жолу” ишканасынын ооруканасын жугуштуу оорулар үчүн даярдаган. Коронавирус аныкталган бейтаптар эми ошол жайга жөнөтүлөт.
Кыргызстанда COVID-19га чалдыккандар башкаларга жугузган учурлар көбөйө баштады.
Жалпысынан 30-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1722 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1113 бейтап айыгып кетти.