Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
31-май: Коронавирус 26 адамдан табылды, 57 адам айыгып чыкты
31.05.2020 | 10:17
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 26 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 31-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын эң көбү Нарын облусунда – 12 адам. Бишкекте 7 адам, Чүй облусунда –3 адам, Ош облусунда – 1 адам, Ош шаарында –3 адамдан табылды.
Жалпысынан 31-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1748 адамга жуккан.
Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 57 бейтап айыгып чыгып, жалпы айыккандардын саны 1170 адамга жетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом