Бишкектеги инфекциялык оорукана толуп, бейтаптарды кабыл алууну токтотту

Бишкектеги инфекциялык оорукана толуп, бейтаптарды кабыл алууну токтотту

Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык оорукана бейтап толуп калгандыктан обсервацияга жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда оорукананын жетекчиси Гүлжигит Алиев билдиргенин «Азаттык» жазды.

Ал: «Азыр биз обсервациялык тартипте гана иштеп баштадык. Бейтаптарды кабыл алуу толугу бойдон токтотулду», — деди.

Учурда бул ооруканада жалпысынан 400дөн ашуун адам көзөмөлдө жатат. Беш киши коронавирустан абалы начарлап, реанимация бөлүмүндө.

Ооруканадагы 19 медициналык кызматкерге COVID-19 жуккан.

Саламаттык сактоо министрлиги бул мекеме жабылса резерв катары «Кыргыз темир жолу» ишканасынын ооруканасын жугуштуу оорулар үчүн даярдаган. Коронавирус аныкталган бейтаптар эми ошол жайга жөнөтүлөт.

Кыргызстанда COVID-19га чалдыккандар башкаларга жугузган учурлар көбөйө баштады.

Жалпысынан 30-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1722 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1113 бейтап айыгып кетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>