Айдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды«Ош ТВ» муниципалдык мекемесинин директору алмаштыУКМК: Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун лидери кармалдыКытайдын элчиси кыргыз-кытай кызматташуусунун «алтын доору» башталганын билдирдиКыргызстанда порнографиялык контентти камтыган сайттарды бөгөттөө тартиби бекитилдиКыргызстан авиациялык эрежелерди ИКАОнун ченемдерине шайкеш келтирүүдө
Бишкектеги мечиттен өрт чыкты
22.03.2023 | 11:46
Бишкек шаарында мечиттен чыккан өрт төрт контейнерди каптаган.
ӨКМдин маалыматына караганда, Свердлов районунун Ибраимов көчөсүндө жайгашкан “Дордой Мурас” базарынын жанында жайгашкан мечиттен өрт чыгып, өрттүн жалыны жанындагы 4 контейнерге өткөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 01:38ден тарта ӨКМдин Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнөн 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 02:19да чектөөгө алынып, саат 04:03дө толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу калай менен жабылган жалпы аянты 230 чарчы метр мечиттин 1 бөлмөсү, кароолчу отурган бөлмө жана мечитке жанаша жайгашкан 4 контейнер толугу менен күйгөн. Эч ким жабыркаган эмес. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом