13 жашар кыздын зордукталышы: Бишкекте митинг өтүп жатат (видео)

13 жашар кыздын зордукталышы: Бишкекте митинг өтүп жатат (видео)

Бүгүн, 22-мартта Жогорку сотто 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин иши каралат. Ага байланыштуу жарандык активисттер соттон акыйкат чечим талап кылып, митингге чыгышты.

Аларга Жогорку соттун алдында акция өткөрүүгө уруксат берилген жок. Мындан улам алар кайрылуусун соттун тушундагы сейил бакта жасады. Катышуучулар милиционерлерге катуу жаза берүүнү талап кылышты.

Эскерте кетсек, окуя былтыр болгон. Иш боюнча шектүү катары төрт адам кармалган. Алардын экөө милиция кызматкери, бирөө «Дордой» базарында күзөтчү жана төртүнчүсү официант болуп иштеген.

Милиция кызматкерлери 15 жылга жана күзөтчү 10 жылга эркинен ажыратылган. Төртүнчү адам 8 жылга соттолгон.

Быйыл январь айында эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтү кыскартылып, аларга 6 жана 9 жыл берилген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>