Бишкектеги супермаркеттерде өсүмдүк майы 18-21 сомго арзандады

Бишкектеги супермаркеттерде өсүмдүк майы 18-21 сомго арзандады

Бишкектеги супермаркеттерде өсүмдүк майы 18-21 сомго арзандады. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик орган билдирди.

Монополияга каршы органдын башчысы К.Д. Тайлаков өсүмдүк майынын, кум шекердин жана башкалардын баасын изилдөө максатында ири соода түйүндөрүн кыдырды.

Мониторингдин жүрүшүндө «Народный», «Глобус», «Фрунзе» сыяктуу ири соода түйүндөрүндө бардык позициялар боюнча өсүмдүк майына баанын төмөндөшү белгиленген.

Мониторингдин жүрүшүндө администрация менен сатуучулар социалдык маанидеги товарларды сатуунун шарттары, аларды сактоонун мөөнөттөрү жана шарттары, негизсиз көбөйүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Соода түйүндөрүнүн администрациясынын маалыматы боюнча, өсүмдүк майынын бардык позицияларында төмөндөө байкалган, ошондой эле продукциялар үзгүлтүксүз келип жатканы, товарлар жетиштүү көлөмдө бар экендиги, керектөөчүлөрдүн арасында толкундануу жок экендиги билдирилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>