Будапешт – Бишкек – Будапешт багыты боюнча түз авиакаттам ачылат

Будапешт – Бишкек – Будапешт багыты боюнча түз авиакаттам ачылат

Кыргызстан менен Венгрия жакын арада венгриялык WizzAir авиакомпаниясы тарабынан Будапешт – Бишкек – Будапешт багыты боюнча түз авиакаттам ачууну макулдашты. Бул тууралуу Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун Кыргызстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгында белгилүү болду.

“Будапешт – Бишкек – Будапешт түз авиакаттамдарынын ачылышы Кыргызстан үчүн инвестициялык жана туристтик потенциалды мындан ары өнүктүрүү жагынан абдан маанилүү”, — деп билдирди Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Эске салсак, 3-майда Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун Кыргызстанга расмий сапары болуп өттү. Иш сапардын алкагында ал президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен жолугушту.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>